Медербек Алиев Душанбеде форумга катышты. Эмнелер талкууланды?

Саясат
Медербек Алиев Душанбеде форумга катышты. Эмнелер талкууланды?
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган делегация Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, форум Тажикстандын Душанбе шаарында "Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик" деген аталышта өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн төраганын биринчи орун басары Борбор Азия элдерин кылымдар бою орток үрп-адаттар, руханий баалуулуктар, ынак коңшулук мамилелер жана тынчтыкта жашоого болгон умтулуу бириктирип келгенин белгилеп, бул элдер "достук" деген сөзгө терең маани берерин кошумчалады.

Ошондой эле геосаясий өзгөрүүлөр ылдамдап, глобалдык чакырыктар күчөгөн азыркы шартта ар бир мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген аймактык кызматташтыкты чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.

"Кыргызстан Борбор Азиянын бардык мамлекеттери менен достук жана коңшулук алакаларды өнүктүрүү багытында ырааттуу иш алып барып келет. Биз аймактык кызматташтыкты тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайбыз", - деди Медербек Алиев.

Аны менен катар мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин да ролу жогору экенин айткан төраганын биринчи орун басары мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана парламенттик дипломатиянын механизмдери бул жаатта кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп:

"Жогорку Кеңеш парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүнү колдойт. Биргелешкен ишибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири - мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга парламенттик көмөк көрсөтүү", - деди.

Мындан тышкары, Медербек Алиев аймактагы мамлекеттердин алдында турган жалпы милдеттерге токтолуп, аларды чечүүдө макулдашылган ыкмалар жана конструктивдүү өз ара аракеттенүү зарыл экенин билдирди.

Жыйынтыгында Душанбе декларациясы кабыл алынып, анда IV Парламенттер аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын кубаттай тургандыгы белгиленген.