Кыргызстандык режиссёрдун «Акыркы сценарий» тасмасы дүйнөлүк фестивалга жол алды

Маданият Загрузка... 08 Октябрь 2025 18:11
560567890_1106547228303699_6950771406724762756_n.jpg

Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын "Акыркы сценарий" аттуу дебюттук толук метраждуу тасмасы 2025-жылдын 7–23-ноябрында Эстониянын Таллин шаарында өтө турган "Tallinn Black Nights Film Festival" (PÖFF) эл аралык “А” класстагы кинофестивалынын дебюттук фильмдер программасына тандалды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, “Backstage Madness” ("Акыркы сценарий") – чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чагылдырган, 70 жаштагы режиссёрдун ички күрөшү тууралуу тасма.

Фильм TAZAR кинокомпаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.

"Tallinn Black Nights Film Festival" – Түндүк Европадагы эң ири жана дүйнөдөгү "А" класстагы фестивалдардын бири болуп саналат.

"Акыркы сценарийдин" бул программага тандалышы – кыргыз киносунун эл аралык аренага чыгуусундагы маанилүү кадам катары бааланууда.