Кыргызстандык парашахматчылар Индияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышат

Спорт Загрузка... 24 Июль 2025 12:34
523836392_762862336.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. 21-июлдан 31-июлга чейин Индиянын Гоа шаарында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бул эл аралык мелдешке Кыргызстандын парашахмат боюнча курама командасы төмөнкү курамда Гоа шаарына (Индия) учуп кетти:

  • Дарика Мамытова – команданын жетекчиси жана котормочу;
  • Тилеген Рахатбеков – парашахматчы;
  • Кубанычбек Ибраимов – парашахматчы;
  • Айнура Алеева – коштоп жүрүүчү.