Кыргызстандык өндүрүүчүлөр БАЭде экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Экономика 22 октябрь 2025 14:41
567405741_17916133068195686_3807629709311550254_n.jpg
566645544_17916133041195686_65484684928891337_n.jpg
568921781_17916133056195686_2331596440505417258_n.jpg
569369550_17916133059195686_6873908339210173308_n.jpg
Алдыга
Артка
567405741_17916133068195686_3807629709311550254_n.jpg
566645544_17916133041195686_65484684928891337_n.jpg
568921781_17916133056195686_2331596440505417258_n.jpg
569369550_17916133059195686_6873908339210173308_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. 21-23-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында Abu Dhabi International Food Exhibition (ADIFE 2025) эл аралык көргөзмөсү өтүүдө.

"Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришкендей, иш-чара Global Food Week жумалыгынын алкагындагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат.

Кыргызстандын катышуусу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун демилгеси жана Кыргызстандын БАЭдеги элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан 12 ата мекендик компания катышууда. Алар көргөзмөдө кондитердик азыктарды, ичүүчү жана минералдык суусундуктарды, кулпунайды, кургатылган өрүктү, жаңгакты, мистени, органикалык майларды, ошондой эле буурчак жана фасоль сыяктуу айыл чарба продукцияларын сунуштап жатышат.

Кыргызстандын улуттук павильону жогорку деңгээлде даярдалып, Made in Kyrgyzstan брендин эл аралык рынокто илгерилетүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.