Кыргызстандык кумурачылар Риштан эл аралык фестивалына катышты

Борбор Азия 1621 22 Сентябрь 2025 12:00
ph_22_1.jpg
ph_22_3.jpg
ph_22_2.jpg
ph_22_0.jpg
ph_22_.jpg
ph_22.jpg
Алдыга
Артка
ph_22_1.jpg
ph_22_3.jpg
ph_22_2.jpg
ph_22_0.jpg
ph_22_.jpg
ph_22.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Риштан, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстандык кумурачылар Өзбекстандын Фергана облусунда өткөн Риштан II эл аралык фестивалына катышты. Бул тууралуу өз кабарчыбыз жеринен кабарлады.

Фестивалда “Кыргызстан” павильону уюштурулуп, анда Бишкектеги “Skeramos” чыгармачыл үйүнүн жетекчиси Наталья Никифорова, уста Акмат Ишембаев жана “Улуу Жибек жолу” кол өнөрчүлөр гильдиясынын төрагасы Надыр Момунбаевдин эмгектери сунушталды. Алар чопо идиш-аяктарды, лагандарды, кумураларды, оюнчуктарды жана ар түрдүү эстелик буюмдарды көргөзмөгө алып чыгышты.

“Биз үчүн эң чоң артыкчылык – мекенибиздин бай табияты. Кыргызстандын бийик тоолору, көгүлтүр асманы жана тунук суулары усталарыбызга дайыма дем берип, алардын чыгармаларында өзүнчө сүрөттөлөт”, – деди Наталья Никифорова.

Белгилей кетсек, фестивалга дүйнөнүн 70ке жакын өлкөсүнөн чеберлер катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар элдердин маданий кызматташтыгын бекемдөөгө жана улуттук кол өнөрчүлүктү дүйнөлүк деңгээлде таанытууга өбөлгө болот.