Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык «Сан Планет Органик» компаниясы KLUTH тобуна кирген Германиянын Nature Food Import- und Warenhandelsgesellschaft mbH компаниясы менен жаңгак жеткирүү боюнча келишим түздү.
“Кыргыз экспорт” ишканасынан билдиришкендей, мындай келишимге Кыргызстандын делегациясынын Германиянын Кёльн шаарында өтүп жаткан Anuga 2025 ири эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө катышуусу учурунда жетишилди.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору уюштурган жалпы көргөзмө павильонунда кыргызстандык өндүрүүчүлөр органикалык продукциянын кеңири түрлөрүн тааныштырды.
Жетишилген макулдашууга ылайык, Германияга сыноо партиясы катары грек жаңгактары жөнөтүлөт. Бул кадам узак мөөнөттүү кызматташтыктын башталышы болуп, Кыргызстандан органикалык продукциялардын Европага экспортун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.