Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Кокондогу эл аралык фестивалга катышат

Борбор Азия Загрузка... 15 Сентябрь 2025 11:11
p_15_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.09.25. /Кабар/. Кыргызстандык кол өнөрчүлөр 19–21-сентябрда Кокон шаарында өтө турган III Эл аралык элдик кол өнөрчүлүк фестивалына катышат. Бул тууралуу «Хунарманд» ассоциациясы маалымдады.

Фестиваль Өзбекстан президентинин токтомдоруна ылайык уюштурулуп, ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 278 конок жана өлкөнүн бардык аймактарынан чеберлер катышмакчы.

Программада кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, мода көрсөтүүлөрү, фольклордук концерттер, мастер-класстар, эл аралык илимий-практикалык симпозиум жана шаардагы маданий-туристтик жайларга экскурсиялар каралган.

Эске салсак, 2019-жылы Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши Коконго «Жыгач оюу боюнча кол өнөрчүлөр шаары» макамын ыйгарган.