Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Кокондогу эл аралык фестивалда байгелүү болду

Борбор Азия 2176 22 Сентябрь 2025 09:55
ph_22_4 (1).jpg
ph_22_4... (1).jpg
ph_22_4. (1).jpg
ph_22_7.jpg
ph_22_7...jpg
ph_22_6.jpg
ph_22_5.jpg
ph_22_5...jpg
Алдыга
Артка
ph_22_4 (1).jpg
ph_22_4... (1).jpg
ph_22_4. (1).jpg
ph_22_7.jpg
ph_22_7...jpg
ph_22_6.jpg
ph_22_5.jpg
ph_22_5...jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Кокон, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстандык кол өнөр усталары Нурзат Жээнбек кызы жана Муфтидин Бурханиддинов Кокон шаарында өткөн III эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалында сыйлыктарга татыктуу болушту, деп жеринен маалымдайт өз кабарчыбыз.

Нурзат Жээнбек кызы «Байыркы сулаланын мураскери» номинациясында биринчи орунду жеңип алып, 2,5 миң доллар акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми «Эң мыкты кол өнөр чебери» номинациясында Муфтидин Бурханиддинов үчүнчү орунду ээледи жана 3 миң доллар ыйгарылды.

Сыйлыктарды Өзбекстан президентинин кеңешчиси Хайриддин Султанов тапшырды. Ал жеңүүчүлөрдү куттуктап, «Силердин ар бир чыгармаңар баа жеткис мурас. Анткени анда эмгек менен бирге жүрөктүн мээрими, көздүн нуру жана ата-бабалардан калган салт уландысы чагылат» деп белгиледи.

Эскерте кетсек, III эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалына дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн 300гө жакын усталар, окумуштуулар жана адистер катышты.