Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык чеберлер 4-6-октябрь күндөрү Алматы шаарында өтүп жаткан ALA CRAFT 2025 эл аралык кол өнөрчүлөр фестивалынын активдүү катышуучулары болушту. Бул тууралуу ALA CRAFT 2025 фестивалынын басма сөз борбору билдирди.
Белгиленгендей, кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эмгектери Азия, Европа, Австралия жана АКШдан келген 100дөн ашык чеберлердин буюмдары менен бирдей деңгээлде көрсөтүлүп, кыргыз чеберлеринин жогорку деңгээлин белгиледи.
Кыргызстандык дизайнер жана зергер Залкар Аскаралиевдин өзүнүн Zalkar брендинин атынан койгон зер буюмдары келгендердин көңүлүн өзгөчө бурду. Ал бул жылы фестивалга катышуунун символикалык маанисин да белгиледи.
“Мен ALA CRAFT фестивалына зергер катары биринчи жолу катышып жатам жана бул мен үчүн өзгөчө сыймык. Буга чейин кийим дизайнери катары эмгектеримди көрсөтсөм, эми Zalkar брендимдин зергерчилик өнөрүн көрсөтүүгө кубанычтамын. Биз кыргызстандыктар Алматыны кол өнөрчүлүк шаары статусунун ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана кубанычтабыз”, – деди Аскаралиев.
Фестиваль бүткүл аймак үчүн маанилүү окуянын чордону болду: 5-октябрда Алматыга Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин (World Crafts Council) чечими менен расмий түрдө World Craft City (Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлүк шаары) статусу ыйгарылды. Бул шаардын кол өнөрчүлүк салттарын жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу болуп саналат.
Кыргызстандын бул тармакта эл аралык таанууга ээ болгон тажрыйбасы бар экендиги айтылат. Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин Азия-Тынч океан аймагынын башкармалыгынын ардактуу мүчөсү Азиз Муртазаевдин айтымында, Кыргызстандын Нарын жана Ысык-Көл облустары боз үй жана шырдак жасоо багыттары боюнча кол өнөрчүлүк аймактары статусун алышкан.
Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин Азия-Тынч океан аймагынын президенти Жуд ван дер Мерве World Craft City статусунун берилиши бүткүл аймакта, анын ичинде Кыргызстанда да маданий тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Фестиваль ошондой эле дүйнөлүк рекорддун орнотулушу менен эсте калды. Казакстандык балбан Сергей Цырульников бир мүнөттүн ичинде тогуз таканы бүгүп, Global Book of Records китебинин көрсөткүчүн жаңылады.