Ташкент, 27.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин Улуттук кинология борборунда Кыргызстандын Бажы кызматынын кинологдору үчүн бир айлык окуу курсу башталды, деп кабарлады мекеменин басма сөз кызматы.
Программа жапайы жаныбарларды аныктоо жана издөө боюнча билим берүүнү камтыйт. Бул багыт CITES (Convention on International Trade in Endangered Species of Wild Fauna and Flora — Жапайы фауна менен флоранын корголуучу түрлөрүнүн эл аралык соодасын жөнгө салуу жөнүндө конвенция) талаптарына ылайык уюштурулган.
Окуу семинарларынын ачылышына Өзбекстан Илимдер академиясынын Зоология институтунун өкүлдөрү, "Флора жана Фауна" эл аралык уюмунун адистери, «ЭКОШКОЛА» экологиялык борборунун кызматкерлери жана башка тийиштүү уюмдар катышты.
Иш-чаранын алкагында кыргызстандык адистерге окуу процессинде пайдалануу үчүн кызматтык иттер тапшырылды.
Мындан тышкары, Зоология институту Улуттук кинология борборуна жана курс катышуучуларына Борбор Азиядагы жапайы жаныбарлардын үлгүлөрүн камтыган окуу материалдарын өткөрүп берди.
Эске салсак, Улуттук кинология борбору чет өлкөлүк мекемелер менен тажрыйба алмашууну жана биргелешкен программаларды үзгүлтүксүз улантууда.