Кыргызстандык киночулар Пусан эл аралык кинофестивалынан ийгиликтүү кайтты

Маданият 26 Сентябрь 2025 11:29
555526498_1096039752687780_5876493991149468007_n.jpg
555070765_1096039779354444_3217480426980165932_n.jpg
555459277_1096039699354452_2713519132604935131_n.jpg
555574542_1096039742687781_2078187269090477754_n.jpg
555586349_1096039706021118_1024319643950588345_n.jpg
Алдыга
Артка
555526498_1096039752687780_5876493991149468007_n.jpg
555070765_1096039779354444_3217480426980165932_n.jpg
555459277_1096039699354452_2713519132604935131_n.jpg
555574542_1096039742687781_2078187269090477754_n.jpg
555586349_1096039706021118_1024319643950588345_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. 17-26-сентябрда Кореяда өткөн Азия жана Океания чөлкөмүнүн эң ири маданий аянтчасы — Пусан эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын 30 жылдык мааракесинде кыргыз кинематографисттеринин активдүү катышуусу улуттук кино үчүн олуттуу жетишкендик болду.

Эң чоң ийгиликти режиссёрлор Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиевдин "Курак" тасмасы багынтты. Тасма бир эле учурда эки сыйлыкка — "Бангладеш – Июль мемориалдык сыйлыгы" жана белгилүү режиссёр Ким Жисеок атындагы сыйлыкка ээ болду. Бул кыргыз киносунун дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын көтөргөн олуттуу окуя болду.

Фестивалдын башка программаларында да кыргыз авторлору өз долбоорлорун сунушташты: Самара Сагынбаева "Кооп коңгуроосу" тасмасы менен "Кең бурч" программасына катышса, Томирис Орозоева "Убакыт чөлүндө" долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынды. Ал эми Дастан Жапар Рыскелди Азия долбоорлор базарында "Бөбөктөй илешкек" аттуу долбоорун тааныштырды.

Мындан тышкары, быйыл Бишкек эл аралык кинофестивалы Пусан фестивалынын "Asian Vision" сынагынын расмий өнөктөшү болуп чыкты. Ушул кызматташтыктын алкагында кыргыз тарап индонезиялык режиссёр Реза Рахадиандын "Кучагында отуруу" фильмин атайын сыйлык менен сыйлады.

Маалымат үчүн: Пусан фестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун башкы өндүрүштүк жана чыгармачыл борборлорунун бири. Кыргызстандын катышуусу улуттук кино өнөрүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө, эл аралык таанымдуулугу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө берди.