Кыргызстандык килемчилер Хивадагы эл аралык көргөзмөгө катышат

Борбор Азия Загрузка... 08 Октябрь 2025 16:55
photo_08_.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 08.10.25 /Кабар/. Кыргызстандык килем токуу чеберлери 18–19-октябрда Хорезм облусунун Хива шаарында өтө турган «Килем кереметтери» аттуу эл аралык көргөзмөгө расмий чакыруу алышты. Бул тууралуу өлкөнүн «Хунарманд» ассоциациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чара байыркы Хивадагы «Арда» комплексинде өтөт. Көргөзмөгө Өзбекстандын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер жана ишкерлер менен катар Азербайжан, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан да чеберлер, искусство таануучулар жана адистер катышат.

Көргөзмөнүн башкы максаты — улуттук килем токуу жана текстиль өнөрүнүн салттарын сактоо, заманбап дизайн менен технологияларды айкалыштыруу, кол өнөрчүлөрдү колдоо жана бул тармакты туризм менен байланыштырып өнүктүрүү.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө-жарманке, хорезмдик халфачылык өнөрүнүн көрсөтмөлөрү, этно-дизайнерлердин кийим коллекциялары, мастер-класстар (устачылык сабактары) жана илимий талкуулар уюштурулат.

Көргөзмө Өзбекстандын Туризм комитети, «Хунарманд» ассоциациясы жана Хорезм облусунун хокимиятынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.