Ташкент, 20.10.25. /Кабар/. 18–19-октябрда Өзбекстандын, Хорезм облусунун Хива шаарындагы "Арда" комплексинде өткөн "Килемдер керемети" аттуу эл аралык көргөзмөдө кыргызстандык килем токуу кол өнөрүнүн усталары байгелүү орундарды ээледи.
Байыркы килем токуу өнөрүн кайра жандандыруу, аны сактоо жана жаш муундарга жеткирүүдөгү эмгеги үчүн Баянхон Тешабоева “Qadimiy gilamchilik turini tiklagan usta” номинациясы боюнча экинчи орунду ээледи.
Ал эми улуттук кол өнөрчүлүккө болгон сүйүүсү жана шыгы менен айырмаланган жаш чебер Чынара Голова “Eng yosh hunarmand” номинациясында үчүнчү орунга татыктуу болду.
Көргөзмөдө ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганистандын чебер усталары да ар кандай номинациялар боюнча сыйланышты.
Эл аралык "Килемдер керемети" көргөзмөсү улуттук килемчилик салтын сактоо, заманбап дизайн менен өндүрүш ыкмаларын өркүндөтүү жана кол өнөрчүлүктү туризм менен айкалыштырып өнүктүрүү максатын көздөйт.
Иш-чарада килем токуу өнөрү элдик мурастын жана көркөм маданияттын ажырагыс бөлүгү катары көрсөтүлдү.