Кыргызстандык кикбоксчулар дүйнө чемпионатында 2 алтын, 1 коло медаль жеңди

Спорт 01 Декабрь 2025 14:22
593552497_866868332353052_8249349365527598383_n.jpg
593563620_866868349019717_3933845928806870796_n.jpg
593576800_866868419019710_4642849116937955144_n.jpg
593707866_866868339019718_2304291179075420989_n.jpg
Алдыга
Артка
593552497_866868332353052_8249349365527598383_n.jpg
593563620_866868349019717_3933845928806870796_n.jpg
593576800_866868419019710_4642849116937955144_n.jpg
593707866_866868339019718_2304291179075420989_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Кыргызстандык кикбоксчулар Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан байгелүү кайтып келишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда спортчулар эки алтын жана бир коло медаль жеңди.

Атап айтканда, 60 кг салмак категориясында Ахрор Розбаев жана 51 кг салмак категориясында Ходжиакбар Камбаров чоңдор арасында дүйнө чемпиону болсо, Нурбек Валижонов коло медалды жеңди.

Мындан тышкары, ардагерлер арасында Тахир Марасулов дүйнө чемпиону наамына ээ болду.

21-30-ноябрь күндөрү өткөн ири спорттук иш-чарага 150 өлкөдөн 2 000 спортчу катышты. Чемпионат Бириккен Араб Эмирлигинин Муай-тай жана Кикбоксинг федерациясы тарабынан Дүйнөлүк кикбоксинг уюмдары ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.