Ташкент, 29.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын компаниялары 2025-жылдын 28-29-майында Ташкент шаарында өтүп жаткан “Central Asian Franchising & Business Expo” эл аралык көргөзмөгө катышууда, деп билдирет Ташкенттеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Көргөзмөдө аймактагы башка өлкөлөрдүн алдыңкы компаниялары менен катар Кыргызстандан “LiLi Мо'Теа”, “Kaynar Ice Cream (UNO Gelato)”, “Cooksoo”, “Япошкин Роллс”, “Лотос”, “Evogis”, “Turan Coffee” сыяктуу ишканалар да өз продукцияларын жана кызматтарын сунуштоодо.
Иш-чаранын негизги максаты — аймактагы ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү, франчайзинг моделдерин жайылтуу, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу жана мамлекеттердин ортосунда өсүп жаткан ишкердик өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өрчүтүү болуп саналат.
Серепчилердин пикиринде, бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда башталган кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери франчайзингди өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишканаларды колдоого, ошондой эле регион экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.