Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Энергиясыз маалымат сактоо боюнча жаңы ачылыш жасалды. Бул тууралуу илимпоз, ойлоп табуучу Азамат Искембаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кандай гана маалымат болбосун, аны сактоодо электр энергиясы керектелет. Ал эми жаңы ачылышта эч кандай энергия талап кылынбайт.
“Биздин ачылыш тастыктагандай, маалыматты сактоодо жана чыгарууда энергия керектелбейт. Ошондуктан муну илим тармагындагы жаңы багыттардын бири жана технологиялардын жаңы баштапкы эволюциясы деп атасак болот. Биз жакында биринчи прототибин көрсөтүп берсек, ачылышыбыз аркылуу алгачкылардан болуп дүйнөгө чоң салым кошкон болобуз. Илим тармагында жүргөнүмө он жылдай убакыт болду”, - деди ал.
Ошондой эле Азамат Искембаев белгилегендей, бул ачылышы менен “Нобель” сыйлыгына ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.
“Бул ачылышыбыз менен “Нобель” сыйлыгынын физика, химия, медицина, экономика, адабият жана тынчтык боюнча ар бир номинациясына жана “Абель” сыйлыгына ат салыша алабыз. Бул сыйлыктарга көрсөтүлүш үчүн өлкөнүн колдоосу жана сунушу керек. Бул ачылыш Кыргызстандын илимий жана технологиялык жактагы лидерлигин жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем”, - деп айтты ойлоп табуучу.