Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы Азия кубогунун тандоо этабындагы өз жүрүшүн баштайт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, курама команданын алгачкы беттеши Палестина командасына каршы саат 20:00дө Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алат.
Оор кырдаалды баштан кечирип жаткан Палестина элине тилектештик билдирүү максатында Кыргыз футболдук биримдиги бүгүнкү Палестина – Кыргызстан беттешинин алдында колдоо акциясын өткөрөт.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын оюнчулары тынчтыкты жана колдоону билдирген ак ленталар менен оюн талаага чыгышат.
Эске салсак, 2026-жылдагы Азия кубогунун тандоо оюндарында жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы «Е» тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салышат.