Кыргызстандык эркектер тууралуу кызыктуу цифралар жана фактылар

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-02-24 at 06.59.25.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын эркектери тууралуу кызыктуу цифраларды жана фактыларды даярдады.

Республикада эркектердин саны 2025-жылдын башына карата 3,6 миллион адамды түзгөн, бул жалпы калктын 49,5% түзөт.

Эркектердин үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. Ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт.

2023-жылы эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли болжол менен 77% түзгөн. Иштеген эркектердин орточо жашы 38 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир жетинчи эркек 30-34 жаштагылар.

Эркектер негизинен урулуш, транспорт, кен казуу жана энергия менен камсыздоо тармактарында эмгектенишет.

2023-жылы 45,5 миң эркек никеге турган. Көпчүлүк эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курат. Биринчи никеге тургандардын орточо жаш курагы 27,6 жашты, экинчиси 40 жаш 2 айды түзөт.

Мамлекеттик башкаруу органдарында да (57,9%) да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да (62,7%) мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгүн эркектер түзөт.

Бул цифралар жана фактылар Кыргызстандын турмушунда эркектердин орду зор экендигин айгинелейт.