Кыргызстан ЕАЭБде лидерлик багытта: Экономикалык өсүштүн негизги көрсөткүчтөрү

Экономика Загрузка... 11 Май 2026 17:55
sU6zrpugaPDDuJKfW5zLBK.jpg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Глобалдык туруксуздукка карабастан Кыргызстандын экономикасы жогорку ийкемдүүлүк жана өсүү темптерин көрсөтүүдө. “Евразия экономикалык биримдигинин 2025-жылдагы статистикалык жыйнагынын” маалыматтарына таянсак, өлкө аймактагы эң динамикалуу инвестициялык жана өндүрүштүк аянтчалардын бирине айланды. Төмөндө Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикте өнөктөштөрүнүн арасында алдыңкы орундарды ээлеген негизги көрсөткүчтөрү берилген.

Ички дүң продукция: экономиканын көлөмүнүн эки эсеге өсүшү

Кыргызстан доллардык эквиваленттеги номиналдык ички дүң продукциянын (ИДП) өсүү динамикасы боюнча активдүү көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. 2020-жылдагы $8,3 млрд көрсөткүчтөн экономиканын көлөмү 2024-жылы $17,5 миллиардга чейин өстү. Ал эми 2025-жыл тарыхый жыл болуп, өлкө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир этабынан экинчисине багыт алды. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түзүп, анын реалдуу өсүү темпи 11,1% болгон. ИДП адам башына 2020-жылы 1230 доллар болсо, 2025-жылы 3075 долларга жетип, эки жарым эседен ашык өстү.

Өсүштүн негизги структурасын алып карасак, биринчи курулуш, экинчиден өнөр жай, үчүнчү кызмат көрсөтүү тармагы түзөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Насирдин Шамшиев билдирди.

“Өндүрүш тармагы 106-107% менен өстү. 2023-жылы 4,8%га өссө, 2024-жылы 9,3%, 2025-жылы 110,6% өстү. Курулуш тармагы 25-26% менен жылда өсүп жатат. Кызмат көрсөтүү тармагы 2023-жылы 7,9% болсо, 2024-жылы 9,8%, ал эми 2025-жылы 110,9% менен өстү. Үлүш боюнча өнөр жай тармагы 2023-жылы 16,3% болсо, 2025-жыл жыйынтыгында 17,8% өскөн. Кызмат көрсөтүү тармагы 2023-жылы 51,3% болсо, 2025-жылы 51,2% менен азайды. Демек, жылдан-жылга кызмат көрсөтүү тармагы азайып, өндүрүш жана курулуш тармагы өнүгүп жатат. Эл аралык рейтингдерге ылайык, Кыргызстан акыркы 2024-2025-жылдары ИДПнын өсүү деңгээли боюнча биринчи 5 мамлекеттин катарына кирди”,- деди экономист.

Инвестициялык өсүш: өсүү ылдамдыгы боюнча абсолюттук лидерлик

Кыргызстан инвестициялык активдүүлүктүн өсүү темпи боюнча Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн көбүн артта калтырып, Евразиялык экономикалык биримдикте лидер болууда. 2024-жылы негизги капиталга жумшалган инвестициялардын көлөмү $3,1 миллиардга жетти, бул мурунку жылга ($2,2 млрд) салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көп. Эксперт 2025-жылы негизги капиталга жумшалган инвестициялардын көлөмү 374,6 млрд сом болуп, 18,4 %га өскөндүгүн, мындай кескин секирик жасоо өлкөнүн энергетика, инфраструктура жана өнөр жай тармактарына инвестиция салуу үчүн кызыгуу артып жатканын кошумчалады. Мисалы, 2024-жылы 102 ишкана ишке кирсе, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 132 ишкана ишке кирген.

Айыл чарбасы: ЕАЭБдеги жогорку түшүмдүүлүк

Өлкөнүн агрардык сектору өсүмдүк өстүрүүнүн натыйжалуулугу боюнча биримдиктин статистикасында төмөнкүдөй маалымат берилген. Алсак, дан өсүмдүктөрү боюнча түшүмдүүлүк 34,6 ц/га түзүп, Россия (27,9 ц/га), Беларусь (33,8 ц/га) жана Казакстандын (15,2 ц/га) көрсөткүчтөрүнөн жогору болду. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен кант кызылчасын өндүрүүдө эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 710 ц/га түшүм алууда. Салыштырып көрсөк, бул кант кызылчасы боюнча көрсөткүч Россияда — 482 ц/га, Беларуста — 477 ц/га болгон.

Курулуш жана инфраструктура

Курулуш сектору ички суроо-талаптын кыймылдаткыч күчү болууда. Имараттарды жана ар кандай объекттилерди курууга багытталган инвестициялардын үлүшү өлкөнү турак жай жана өндүрүштүк кубаттуулуктар менен туруктуу камсыздоодо. Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасына ылайык, Кыргызстан курулуш көлөмүнүн өсүшү боюнча 2025-жылы ЕАЭБде алдыңкы орунга чыккан. Өсүш биримдиктин бардык өлкөлөрүндө байкалып, жогорку көрсөткүч катары Кыргызстанда 45,3 пайызды түзгөн, андан кийин Армения 27,7 пайыз, Казакстан 18,1 пайыз, Беларусь 9,6 пайыз жана Россия 3,5 пайызды түзгөн.

Чакан ишкердик жана керектөө рыногу

Чакан бизнес учурда өлкө экономикасынын негизги таянычынын бири болууда. Калктын иш менен камсыз болуу деңгээли 57,1% менен туруктуу сакталып, көрсөткүч Арменияга (48,2%) салыштырмалуу жогору. Чакан ишканалардын өнүгүшү айыл чарбасынан тартып, жогорку технологиялуу байланыш кызматтарына чейинки бардык тармактарды камтыйт. Изилдөөдөн белгилүү болгондой, Бишкек ЕАЭБдеги эң арзан шаар бойдон калып, күрүч, ун жана уй этинин баасы Москва же Астанага караганда орто эсеп менен 20–30% төмөн болуп, жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн шарттайт. Негизинен өлкөдөгү товарлардын (текстиль, жашылча, жемиштер) экспортунун негизги көлөмү Россияга (64,3%) жана Казакстанга (33,0%) кетип, бул кыргыз товарларынын тышкы рынокто суроо-талапка ээ экенин тастыктайт.

Жогорудагы статистикалык маалыматтарды талдоо бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жаңы деңгээлге чыкканын айкын далилдейт. Өлкө негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү боюнча ЕАЭБ ичинде алдыңкы орунду ээлеп, агрардык тармактагы чоң потенциалын көрсөтө алды. Ошону менен бирге, негизги капиталга жумшалган инвестициялардын жогорку динамикасы жана акыркы 5 жылда ИДПнын номиналдык мааниде активдүү өсүшү өлкөбүздүн аймактагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кошулганын тастыктайт. Бул көрсөткүчтөр жөн гана цифралар эмес, Кыргызстандын Борбор Азиядагы негизги логистикалык, агрардык жана өндүрүштүк борбор катары позициясын бекемдөөгө ишенимдүү негиз болуп саналат. Туруктуу экономикалык өсүш өлкөнүн келечектеги ийгиликтерине жана аймактык интеграциядагы ролунун артышына жол ачат.