Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Африкада Эбола вирусу күчөп баратат. Конгодо кырдаал эң оор, бийлик аталган аймакта ооругандардын жана өлүмдөрдүн санынын кескин көбөйүшүн билдирип жатканын Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, Африка биримдигинин саламаттык сактоо органдары аймактагы кеминде он өлкөдө Эболанын жайылуу коркунучу сакталып жатканын эскертишет. Конго өкмөтүнүн маалыматы боюнча, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө Эбола вирусуна шектүү 867 учур катталып, өлгөндөрдүн саны 204кө жетти.
Учурда Түштүк Судан, Руанда, Кения, Танзания, Эфиопия, Бурунди, Ангола, Борбордук Африка жана Замбияда инфекциянын жайылуу коркунучу бар.
Адистер азыркы вирустун сейрек кездешүүчү түрүн 2007-жылы биринчи жолу аныкталган Бундибугио штаммы менен байланыштырышат. Учурда Эболанын бул түрүнө каршы расмий бекитилген вакцина же атайын дарылоо жок. Медициналык адистердин айтымында, Эболанын бул штаммынан өлүмгө учуроо көрсөткүчү 30–50%га жетиши мүмкүн.
Адистер Эбола вирусу коронавирустан башкача тарай турганын белгилешет. Ал аба аркылуу жукпайт. Инфекциянын негизги коркунучу вирус жуккан адамдын каны же башка дене суюктуктары менен түз байланышта болгондо жаралат.