Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө жергиликтүү өндүрүш ишканалары өз продукцияларын тааныштырышууда. Алардын бири – керамогранит плиталарын өндүргөн “Асылташ Керамикс” компаниясы.
Ишкананын менеджери Сагын Мамбетовдун айтымында, компания учурда 120×60 см жана 60×60 см өлчөмүндөгү керамогранит плиталарын чыгарат. Өндүрүлгөн материал толук кандуу керамогранит болуп саналат жана суукка, нымдуулукка, отко туруктуулугу менен айырмаланат. Бул касиеттери аны имараттардын фасаддарын каптоодо жана курулуш иштеринин ар кандай түрлөрүндө колдонууга мүмкүндүк берет. Продукциянын негизги артыкчылыгы – узак мөөнөттүү пайдаланууга ылайыктуулугу жана катаал эксплуатациялык шарттарга туруктуулугу болуп саналат.
“Ал эми бул мамлекеттик жана жеке курулуш долбоорлору үчүн өзгөчө маанилүү. Өндүрүштө дүйнөлүк рынокто тармактын алдыңкы жабдууларын жеткирүүчү италиялык компаниянын заманбап жабдуулары колдонулат. Завод 2025-жылы ишке берилген. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 10 миң чарчы метр керамогранит чыгарууга жетет. Компания рынокто чакан ишкана катары 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келгени менен, өзүнүн өндүрүшүн жакында гана жолго коюп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө киришти.
Компания өз продукциясын Россияга жана Казакстанга экспорттой баштады. Негизги максат – дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү орунду ээлөө. Кыргызстанда да ишенимдүү өнөктөштөр менен кызматташтык түзүлүп, мамлекеттик мекемелерден, автобекеттерден, турак жай объектилеринен жана жеке компаниялардан фасаддык иштер боюнча оң пикирлерди алып келет”,-деп белгиледи ал.