БУУдагы мүчөлүк өлкөгө инвестиция тартууга жаңы жол ачат – Аманбаев

Экономика Загрузка... 04 Июнь 2026 13:10
66a3affc-37f4-4dbd-a289-6d68179461a7_cx0_cy1_cw70_w1080_h608.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы чындыгында абдан маанилүү окуя болду. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңеши туруктуу жана туруктуу эмес мүчөлөрдөн турат жана 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

"Бул 2 жылдын ичинде Кыргызстан биздин региондогу өлкөлөрдүн өкүлү катары кызмат кылат. Тагырак айтканда, БУУда канча мамлекет болсо, ошол мамлекеттердин арасында биздин үнүбүз өзгөчө жаңырып турат. Биз айрыкча өзүбүздүн аймак Борбор Азия регионунун маселелерин көтөрсөк болот. Мындан тышкары, жалпы адамзатка тиешелүү маанилүү маселелер боюнча өзүбүздүн үнүбүздү айта алабыз. Бул өтө чоң тарыхый мүмкүнчүлүк. Биз ушунун бардыгын туура колдонобуз деп ишенем. Экинчиден, ушундай ийгиликке кантип жеттик деген суроого менин жообум: соңку жылдардын ичинде жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын туура жүргүзүлгөнүнүн натыйжасы. Кыргызстан соңку жылдары биздин региондо, жалпы эле дүйнөлүк маселелерде мамлекет катары өзүнүн позициясын, көз карашын туура айтып, көз карандысыз эгемен өлкө катары туруктуу алдыга кетип жаткандыгынын белгиси", — деди ал.

Ал өз сөзүндө соңку жылдары өлкөдө аткарылган көптөгөн алгылыктуу иштерге токтолду.

"Мисалы, биринчиден, мамлекет башчыбыздын түздөн-түз салымынын натыйжасында өлкөбүздө чек ара маселеси чечилди. Тагырак айтканда, Борбор Азияда соңку 30 жыл бою конфликтке, ич ара жаңжалга алып келген чек ара маселеси так чечилди. Экинчиден, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өз ара бириккен регионалдык уюмга айлануусунун биринчи этабы ишке ашты. Мында Кыргызстандын ролу абдан чоң болду. Бардыгын дүйнө өлкөлөрү көрүп турат. Бул көз карандысыз, ошол эле мезгилде келечекти ойлогон саясаттын жыйынтыгы.
Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлде өз ордун таап, туруктуу өнүгүү жолуна түшүп жаткандыгынын белгиси. Биз ушундай жеңишке, дүйнөлүк колдоого ээ болдук. БУУга туруктуу эмес мүчөлүктү экономикалык өнүгүү багытында да колдонсок болот. Себеби, экономикалык өнүгүү бул тышкы инвестициянын келишине түздөн-түз байланыштуу. Ал эми тыштан инвестиция качан гана Кыргызстанды көп өлкөлөр тааныса, өлкөдө туруктуулук болсо гана келет. Бул сөзсүз түрдө өлкөдөгү экономикалык өнүгүүгө, сырттан инвестициянын келишине оң таасирин тийгизет", — деп жыйынтыктады Аманбаев.