Казак күрөшү боюнча коло медаль: Кыргызстандык эки балбан килемге чыгат

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 12:55
Казак күрөшү боюнча коло медаль: Кыргызстандык эки балбан килемге чыгат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Кыргызстандык эки балбан казак күрөшү боюнча коло медаль үчүн күрөшөт.

60 кг салмакта Кемал Оңолбеков, 82 кг салмакта Байбол Саламат уулу килемге чыгат.

Буга чейин эки спортчу жарым финалда атаандаштарына утуп калган болчу.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 31 өлкө катышып жатат. Жалпысынан 60 спортчу күч сынашууда.

Беттештер Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.