Кыргызстандык үч балбан Монголиядагы мелдеште алтын медаль утту

Спорт 29 Май 2025 18:40
501681308_18358524496196946_3945329516917340623_n.jpg
502041908_18358525834196946_1717441639713656307_n.jpg
501302342_18358528915196946_8963186826265046851_n.jpg
Алдыга
Артка
501681308_18358524496196946_3945329516917340623_n.jpg
502041908_18358525834196946_1717441639713656307_n.jpg
501302342_18358528915196946_8963186826265046851_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Ulaan-Baatar Open” эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жатат.

Алсак, балбан Раззак Бейшекеев мелдешке 67 кг чейинки салмак категориясында катышты. Ал биринчи айлампада индиялык балбанды, экинчи айлампада түркиялык балбанды жеңип, алтын медалга татыды.

Ал эми Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак категориясында катышып, биринчи айлампада монголиялык балбанды 8:0 эсебинде, экинчи айлампада индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңген.

Кыргыз балбаны чечүүчү беттеште түркиялык балбанды жеңип эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Ал эми спортчу Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 10:6 эсебинде, экинчи айлампада монголиялык балбанды 9:1 эсебинде жеңген.

Жусупбеков чечүүчү беттеште индиялык балбанды 5:4 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.