Кыргызстандык бадминтончулар Ташкентте Борбор Азия чемпионатына катышууда

Борбор Азия 1186 17 Сентябрь 2025 09:32
p_17_4.jpg
p_17_3.jpg
p_17_2.jpg
p_17_0.jpg
p_17_1.jpg
p_17_.jpg
p_17.jpg
Алдыга
Артка
p_17_4.jpg
p_17_3.jpg
p_17_2.jpg
p_17_0.jpg
p_17_1.jpg
p_17_.jpg
p_17.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстандык бадминтончулар курама командасы машыктыруучулар Руслан Асылбеков менен Татарбек Ниязбековдун жетекчилигинде Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбор Азия чемпионатына катышууда.

Мелдеш U-23, U-17 жана U-15 жаш курак категориялары боюнча өтүүдө.

Уландар курамасында Абдулла Алиев, Ислам Сагыналиев, Мансур Турумбеков, Элбар Осмонбеков, Алмаз Ташматов жана Адилет Кубатбек уулу бар. Кыздар курамасын Акбермет Алмазбек кызы, Талаигүл Турарова, Нурайым Шайлообекова, Жасмин Айсарова жана Амина Зайнул-Абдиева түзөт.

Машыктыруучу Татарбек Ниязбековдун айтымында, Кыргызстандын командасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жашыраак жана үч жылдан ашык убакыттан бери калыптанган. «Биз өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоо үчүн келдик. Бул чемпионат жаш спортчулар үчүн тажрыйба мектеби болуп, Борбор Азия спортунун өнүгүшүнө салым кошот», – деди ал.

Мелдешке Иран, Казакстан, Кыргызстан, Моңголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мыкты спортчулары катышып жатат.

Адистердин айтымында, бул турнир аймактагы эң ири мелдештердин бири болуп, спортчулардын чеберчилигин гана сыноо менен чектелбестен, өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого да өбөлгө түзөт.

Чемпионат 23-сентябрга чейин уланат.