Кыргызстандык бадминтончулар БА чемпионатында 3-орунду ээледи

Спорт Загрузка... 20 Сентябрь 2025 17:18
IMG-20250920-WA0043.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын U-23 жаштар курама командасы Ташкент шаарында өтүп жаткан бадминтон боюнча Борбор Азия чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылды. Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Руслан Осмонбеков билдирди.

Анын айтымында, оюндар курч атаандаштыкта өттү.

«Бул чемпионат биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана алсыз жактарыбызды айкын көрсөтүп берди. Спортчулар үчүн чоң тажрыйба болуп, кийинки мелдештерге даярдыкта маанилүү кадам болду. Азыр жеке таймаштар башталды, анда да жакшы жыйынтык күтүп турабыз», – деди Осмонбеков.

Белгилей кетсек, чемпионатка Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мыкты спортчулары катышууда.
Мелдеш U-23, U-17 жана U-15 жаш курактагы командалар арасында өтүп, 23-сентябрда жыйынтыкталат.