Кыргызстандык аскерлер эл аралык мелдеште күч сынашууда

Коом 25 Август 2026 11:20
783730355_960662027044679_7753403037210163788_n.jpg
778972529_1362922352677082_4014335058611877996_n.jpg
785946303_2131277867420760_533309988157846489_n.jpg
786563154_1631921598335367_5415127091400435781_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы Екатеринбург шаарында атайын багыттагы бөлүктөрдүн арасында өтүп жаткан "Вызов" эл аралык мелдешине катышууда.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, мелдеш 24-августта "Свердловск" полигонунда башталган. Ага Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Индиядан 40ка жакын команда катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө аскер кызматкерлери кесиптик даярдыгын, физикалык чыдамкайлыгын жана татаал шарттарда ыкчам жана натыйжалуу аракеттенүү жөндөмүн көрсөтүшөт.

Программада барымтадагыларды бошотуу жана кармоо, тоскоолдуктар тилкесинен өтүү, эвакуациялоо, буктурма, чабуул, дуэль жана мунара сыяктуу практикалык көнүгүүлөр каралган.