Кыргызстандык адистер АФКнын чемпиондор лигасында калыстык кылышты

Спорт 22 Май 2025 13:18
499550124_1141309184706137_3429829638326806171_n.jpg
499366285_1141309258039463_7489734410239797647_n.jpg
499865391_1141309168039472_6012518474923777299_n.jpg
499152297_1141309254706130_6404448967189771356_n.jpg
499479593_1141309251372797_6667054854841615253_n.jpg
499925605_1141309261372796_3193792346466003887_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Кыргызстандык Вероника Бернацская жана Рамина Цой Азия футбол конфедерациясынын чемпиондор лигасында калыстык кылышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул күндөрү Кытайда кыз-келиндер арасында АФКнын чемпиондор лигасынын финалдык баскычы өтүп жатат. Бул престиждүү турнирге төрт өлкөнүн алдыңкы кыз-келиндер клубдук командалары катышууда.

Алар континенттин эң мыкты наамын алуу үчүн күч сынашууда.

Турнирдин биринчи жарым финалдык беттеши өзгөчө учур менен белгиленди — оюнду тейлөөгө Кыргызстандын калыстары чакырылды. ФИФА категориясындагы эл аралык калыс Бернацкая Вероника башкы калыс болуп, ал эми анын жардамчысы катары ФИФА калысы Цой Рамина кызмат өтөштү.

"Бул окуя кыргыз калыстары үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет жана өлкөбүздүн эл аралык спорт аренасындагы аброюн дагы бир ирет бекемдеди",-деп айтылат маалыматта.