Кыргызстандык 4 офицер Ташкенттеги аскер академиясын ийгиликтүү аяктады

Коом 1 июль 2025 10:45
photo_01_0.jpg
photo_01_1.jpg
photo_01_.jpg
Алдыга
Артка
photo_01_0.jpg
photo_01_1.jpg
photo_01_.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Ташкент, 01.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Ташкент шаарында Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн академиясынын магистратурасын бүтүрүү аземине катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргызстандын Коргоо министрлигинин 4 офицери магистратураны ийгиликтүү аяктаганы белгилүү болду. Бул – эки өлкө ортосундагы коопсуздук жаатындагы ишенимдин жана тажрыйба алмашуунун жемиши катары бааланууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Чотонов бүтүрүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, аларга келечектеги кызматында ийгилик жана жаңы ийгиликтерди каалады.

Серепчилердин баамында, бул окуя Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн, айрыкча аскердик билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын бекемделип жатканын айгинелейт.