Кыргызстандык спортчулар Япониядагы Сурдлимпиада оюндарына катышат

Спорт 10 Ноябрь 2025 16:04
1.jpg
576994475_851211283918757_6957181762027413259_n.jpg
576997411_851211017252117_3528733790602324244_n.jpg
577862900_851211093918776_80194243563656982_n.jpg
577963239_851211127252106_7626839419143010281_n.jpg
578080767_851210997252119_5378748828146820267_n.jpg
579097835_851211323918753_2410100750574357490_n.jpg
579385455_851211330585419_3896240874942275192_n.jpg
579600678_851211197252099_963959086674666704_n.jpg
579665174_851211083918777_3635982904448952394_n.jpg
579944838_851211053918780_2406504034936063201_n.jpg
581220357_851211063918779_7539414998234128996_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катыша турган спортсмендер менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда Казыбек Молдажиев спортсмендерге кайрылып, ар бир жеңиш - бул жеке эрдик, ал эми ар бир медаль - мекенге болгон сүйүүнүн белгиси экенин белгиледи. Сиздердин ар бир кадамыңыздар жаш спортсмендер үчүн үлгү, ар бир аракетиңиздер - жеңишке жакындаган жол, - деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө спорт агенттигинин жетекчиси спортсмендерге ийгилик, чыдамкайлык каалап, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Ажимукан Мидин уулуна мамлекеттик тууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Токиодо өтө турган XXV жайкы Сурдлимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 19 спортсмен спорттун төрт түрү боюнча - эркин жана грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо жана стол тенниси боюнча катышат.

Ири эл аралык мелдешке дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 3000ден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештер 15-26-ноябрь күндөрү өтөт