Ташкент, 26.12.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандан Өзбекстанга барган туристтердин саны 3 миллионго жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде Өзбекстан жалпысы 10,7 млн чет өлкөлүк туристти кабыл алган. Бул көрсөткүч менен өлкөгө келген туристтердин саны алгач ирет 10 миллион адамдан ашып, рекорд жаңырды.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чет элдик коноктордун саны 3,5 млн адамга көбөйүп, өсүү 47,4 пайызды түзгөн. Бул Өзбекстанга туристтик багыт катары кызыгуунун кыйла артканын көрсөтөт.
Туристтик агымдын негизги бөлүгү коңшу мамлекеттерден келген. Алардын ичинен Кыргызстан биринчи орунда болуп, 3 млн сапар катталган. Казакстандан жана Тажикстандан Өзбекстанга 2,5 млн адамдан барган. Россиядан келген туристтердин саны 923,8 миңди түзгөн.
Ошондой эле Афганистандан 429,4 миң, Түркмөнстандан 341,4 миң турист келген. Алыскы чет өлкөлөрдүн арасында Кытайдан 250,5 миң, Түркиядан 161,9 миң турист катталган. Мындан тышкары, Индиядан 73,4 миң, Корея Республикасынан 44,1 миң адам Өзбекстанга барган.