Кыргызстандан Өзбекстанга тери экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика Загрузка... 21 Январь 2026 16:26
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев "Узчармсаноат" ассоциациясы менен кызматташтык маселелерин талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстандан Өзбекстанга тери экспорттоо жана бул тармактагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

"Узчармсаноат" кыргыз терисин сатып алууга жана биргелешкен ишканаларды ачууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын жүн иштетүүдөгү тажрыйбасына жогору баа берилди.

Жыйынтыгында тери экспорттоо жана жүн иштетүүнү талкуулоо үчүн видеоконференция өткөрүү макулдашылды.

Маалымат үчүн: "Узчармсаноат" ассоциациясы – Өзбекстандын тери-бут кийим, галантерея, мех жана жүн өнөр жайы ишканаларынын тармактык бирикмеси. Ассоциациянын негизги ишмердүүлүгү өндүрүштү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана тармактын ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.