Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө

Экономика Загрузка... 29 Октябрь 2025 09:05
honduras-tobacco-01-850x425.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетуү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "30+20+10" долбоорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тамеки өстүргөн дыйкандар менен талаа жолугушуусун өткөрүштү.

Анда негизги көйгөйлөр - жер маселеси, экспортко чыгуучу сорттор, жаңы технологиялар жана өндүрүштүн эффективдүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Анализ үчүн топурак үлгүлөрү алынып, сапаттуу өстүрүү боюнча сунуштар даярдалууда.

2024-жылдагы экспорт:

  • 99,2 тонна тамеки — Греция;
  • 60,3 тонна — Вьетнам;
  • 477 тонна калдыктар — Россия.

2025-жылдын 9 айы боюнча:

  • 288 тонна — Греция;
  • 187 тонна калдыктар — Россия;
  • 18 тонна — Казакстан.

Экспорт багыттары кеңейип, ар бир дыйкандын салымы өлкөнүн агрардык келечегин жакындатууда.