Кыргызстан Пакистанга буурчак экспортун көбөйтөт

Экономика Загрузка... 06 Февраль 2026 14:12
News_317840618493555778509034569731559799724.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, соода жана халяль-индустрия боюнча эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргызстандан Пакистандын рыногуна буурчак экспорттоону кеңейтүү жана айыл чарба продукциясынын өз ара соодасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Пакистан тарап Кыргызстан менен сүттү кайра иштетүү жана сүт өндүрүшүн өнүктүрүү тажрыйбасын алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

photo_5199539833368416166_y

Ошондой эле Пакистан Техникалык жардам программасынын алкагында айыл чарба жана токой чарбасында кыска жана узак мөөнөттүү окуу курстарын сунуштады.

Тараптар байланыштуу адамдарды дайындоо, техникалык эксперттердин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, бал жана кургатылган жемиштер менен сооданы өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды илгерилетүү жана өз ара кызыкчылыктагы маселелер боюнча эксперттик консультацияларды улантуу боюнча иштерди активдештирүүгө макулдашышты.