Кыргызстандан Кытайга өрүк жана шабдалы экспорттоо аракети көрүлүүдө

Экономика 26 июнь 2025 10:25
2f581cf5-cc9c-42fa-a4e6-f661ed9d246e.jpeg
b07af49d-0cb8-4356-83f0-907297cf9843.jpeg
aa581bfe-1b1d-4994-945b-a545cfe434fb.jpeg
7c4da59d-cdf8-436f-a992-67524008ab33.jpeg
05b95c63-79c6-4777-b521-2bc1f7d85747.jpeg
1f03b8ff-7742-4106-bf09-08c8ea866de8.jpeg
Алдыга
Артка
2f581cf5-cc9c-42fa-a4e6-f661ed9d246e.jpeg
b07af49d-0cb8-4356-83f0-907297cf9843.jpeg
aa581bfe-1b1d-4994-945b-a545cfe434fb.jpeg
7c4da59d-cdf8-436f-a992-67524008ab33.jpeg
05b95c63-79c6-4777-b521-2bc1f7d85747.jpeg
1f03b8ff-7742-4106-bf09-08c8ea866de8.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстандан Кытайга данектүү жемиштерди экспорттоону камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы менен биргеликте Кытайга данектүү өсүмдүктөрдү экспорттоо боюнча протоколду ишке ашыруунун алкагында Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарында өрүк жана шабдалы бактарын, таңгактоочу цехтерди видеоинспекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Видеоинспекция 2025-жылдын 24-июнунан 26-июнуна чейин кытай тарап менен биргеликте дистанттык (аралыктан) форматта жүргүзүлөт. Иштин жүрүшүндө өрүк жана шабдалы бактарынын фитосанитардык абалы, ошондой эле жыйноо, сактоо жана таңгактоо шарттары бааланат.

Иш-чаранын максаты кыргыз өрүгү менен шабдалысынын Кытайдын фитосанитардык талаптарына шайкештигин тастыктоо жана бул продукцияны Кытай рыногуна туруктуу экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.