Кыргызстандагы жолдордун абалы 5 жылда кандай өзгөрдү?

Коом Загрузка... 18 Июль 2025 12:10
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 18.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда 5 жылда курулуш тармагына бөлүнгөн каражат 10 эсеге өстү.

2020-жылы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат 10 млрд сомду түзгөн болсо, өткөн жылы бул көрсөткүч 110 млрд сомдон ашкан. Каржылоонун көбөйгөнүн өлкөдөгү жапырт курулуп жаткан курулуш иштеринен эле байкоого болот.

Эми жол тармагынын мисалында талдап көрөлү.

Садыр Жапаров бийликке келгенде өлкөдө жолго асфальт төшөө иштери өтө аз көлөмдө жасалып келген. Муну Жол фондунун мурдагы жетекчилеринин ошол кезде берген маектери тастыктайт.

Жол фондунун директорунун мурдагы орун басары Акылбек Мусабаевдин айтымында, Союз тарагандан бери жолдор каралбай, көпчүлүгү талкаланып кеткен.

“1991-жылдан 2010-жылга чейин жолго бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. 2010-жылдан бери ар бир облуска үч чакырымдан жол салуу башталган. Жети облуска болжол менен жылына 21 чакырым жол салынчу. Ал үчүн жылына 1 млрд 800 млн сомдун тегерегинде акча бөлүнөт эле. Орто эсеп менен алганда эки млрд сомду 19 миң чакырымга бөлсөк, бир чакырымына 104 сомдон тиет. Иш жүзүндө ал акча бир даана жол белгисин сырдаганга да жетпейт болчу”,-деген ал.

Бирок, андан кийин көрсөткүчтөр дароо кескин көтөрүлгөн. 2021-жылы өлкөдө 269 чакырым жол оңдолсо, эки жыл ичинде дээрлик үч эсеге көбөйүп, 757 чакырымга жеткен. 2024-2025-жылдары асфальтталып жаткан жолдор 1 миң чакырымдан ашкан.

Бир жыл ичинде эле жол салууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат 8 млрд сомго көбөйүп, 17 млрд сомдон ашты. Бул Транспорт жана коммуникациялар тарабынан берилген гана расмий маалымат.

Учурда Бишкек, Ош жана башка шаарлар, айыл өкмөттөр өздөрүнүн бюджетинин эсебинен сырткы жана ички жолдорду куруп, оңдоп жатат.

2019-жылга чейин сырттан алынган карыздын 70 пайыздан ашыгы жол тармагына багытталган. Болжол менен 2,5 млрд долларды түзөт. Бирок, өлкөдөгү жолдордун абалы мынча каражат сарпталгандай эмес болчу. Демек, акчалар максатсыз пайдаланып, бир ууч топтун чөнтөгүнө кетип турган.

“Ачыгын айтыш керек, сырттан алынган гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып же жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген”, - деп белгилеген президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде.

Азыр Кыргызстан жол салууга сырттан карыз алууга муктаж эмес. Коррупцияга кылмыштуулукка каршы күрөш жана туура фискалдык саясат жүргүзүү мамлекеттик бюджетти толтурууда.

Бюджет төрт жылда үч эсеге өскөн. Жыл аягына чейин 1 триллиондон ашат деген божомолдор айтылууда.