Кыргызстандагы өзгөрүүлөр жана экономикалык өсүштөр

Экономика 25 10 Август 2026 17:40
03_lIvR9ie_VvsYqaj..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары бардык тармактарда өсүштөр байкалууда. Муну экономикадан тартып айыл чарба, туризм тармактарына чейинки көрсөткүчтөрдүн жогорулаганы айгинелейт. Айрыкча курулуш тармагында иштердин темпи башка жылдарга салыштырмалуу кыйла ылдамдады. Өлкөдөгү өзгөрүүлөр жана өсүштөргө “Кабар” агенттиги кеңири токтолот.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.42.33.jpeg

Кыргызстанга чет өлкөлүк меймандар учак, унаа же темир жол аркылуу сапар тартып келишет. Алардын бардыгына албетте, алгач эле аэропорттордун жана жолдордун абалы дароо көзгө урунат. Акыркы жылдары өлкөдөгү аба майдандарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Буга улай эле жол инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө маани берилүүдө. Жалпысынан курулуш тармагында ондогон жаңы объекттер курулуп жатат.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59 (1).jpeg

Кыргызстандагы мындай өзгөрүүлөргө КМШ, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери өлкөдө өткөн иш-чаралардын аянтчасында өз ой-пикирлерин билдиришүүдө.

Саналуу күн мурун Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстан тез өнүгүп жатканын белгиледи.

7_z9y4jyD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Кыргызстанда инвестициялык программалар ишке ашырылууда. Бул өлкөнүн ийгилиги деп билебиз. Биз мындай ийгиликтерге албетте кубанабыз. Анткени биздин мамлекеттердин өнүгүшү биздин алакалардын мындан ары бекемделиши үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат”, - деп билдирди Никол Пашинян.

Беларустун премьер-министри Александр Турчин өлкө өнүгүшүн сөз кылып, борбор калаадагы ири курулуштарды мисал келтирди.

8_Gn9jddR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Мен иш сапарларым менен келгенде Бишкектин өзгөрүшүн, бул жакта ири курулуштардын жүрүп жатканын көрүүдөмүн. Алдыда сиздерде маанилүү ири иш-чаралар, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү да бар. Мен кыргыз элине өнүгүү-өсүүнү каалайм”, - деди Турчин.

Кыргызстанда жылдан-жылга туризм экономиканын өнүгүшүнө салым кошкон тармактардын бирине айланууда. Бардык облустарда туризмди өнүктүрүүгө багытталган программалар ишке ашырылып, инфраструктуралар курулууда.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.54.11 (1)

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 6 айында өлкөгө 6,3 млн турист келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу миллион туристке көп. Жылдын жыйынтыгы менен көрсөткүч 13 млн туристке жетет деп күтүлүүдө.

WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.22.jpeg

Кыргызстан кооз жаратылышын, ыңгайлуу туристтик жайларынын потенциалын максаттуу пайдалануу үчүн ири маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар болууда. Алдыда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө камылгалар көрүлүп жатса, бир апта мурда Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу суу-мотор спорту боюнча суудагы “Формула-1” мелдеши өткөрүлдү. Кыргызстан бул иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу менен эл аралык спорттук аренада өзүн татыктуу көрсөтө алганы да белгиленүүдө.

WhatsApp_Image_evG5oCY.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 960,0 млрд сомду түзүп, ал эми реалдуу өсүү темпи 11,9%га жетти.

Кыргызстан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээлейт. Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымы менен камсыз кылынат. Курулуш тармагы 69,6% өстү, тейлөө чөйрөсү — 6,0%, айыл чарба — 4,3%. Өнөр жайда өсүү 12,8% түздү.

719232446_386698068_aGupvLh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи да жогорулап жатат. Алардын көлөмү 204,4 млрд сомду түзүп, 64,3% көбөйдү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсе жана тышкы булактардын 3,2 эсе өсүшүнүн эсебинен камсыз болду.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев экономикалык өсүү темпи боюнча ЕАЭБде Кыргызстан алдыңкы сапта келе жатканын белгилейт.

10_mwIKk5m.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“ИДПнын өсүшү, өнөр жай өндүрүшүнүн көбөйүшү, инвестиция тартуу, жумушсуздуктун санын кыскаруу боюнча Кыргызстан лидерлик кылып жатат”, - деди Бакытжан Сагинтаев.

Жакында эле Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө байкаларлык өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирген болчу.

760271101_1628.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Экономика динамикалуу түрдө өсүп жатат. Өнөр жай потенциалынын көлөмү көбөйүүдө, калктын киреше табуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Ири курулуштар жүрүүдө. Көз кубанат. Биз коңшу мамлекет катары ийгиликтерди каалайбыз. Өзбекстан мындан ары да сиздердин программаларды, реформаларды колдойт. Анткени бизге күчтүү коңшу, күчтүү Кыргызстан абдан керек”, - деген Шавкат Мирзиёев.

Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын жыйынтыгы менен дээрлик 2 трлн сомго жеткен. Бул көрсөткүч 2022-жылы 1 трлн 21 млрд сомду түзгөн. ИДПнын көлөмү үч жылда эки эсеге өстү.

КР эмгек сиңирген экономисти Насирдин Шамшиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, өлкөнүн өсүшү жылдан-жылга цлам көрсөткүчүн жаңылоодо. Мындай өнүгүүлөрдү башка мамлекеттер да айтып жатканы өлкөдөгү аткарылган иштерге болгон жогору бааны билдирет.

images (14)

“Алдыдагы жарым жылдыкта айыл чарбасында жыйым-терим аяктаса, бул тармактагы өсүштөр да байкалат. Туристтик багытта да өсүштөр жакшы. Быйыл туристтик мезгилде бир катар иш-чаралар белгиленген эле. Алардын аркасы менен өлкөгө келген туристтердин саны жогорулайт деп күтүлүүдө. Ошондой эле кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүштөрдү алып келет. Мындан тышкары, курулуш тармагында да курулуштар жакшы жүрүп жатат. Демек, жыл соңуна карата алардын пайдаланууга берилиши менен көрсөткүчтөр дагы жогорулайт десек болот. Эгемендүүлүк күнүнө карата ондогон жаңы ишканалар ишке киргени турат. Ички жана чет элдик инвестициялар тартылууда, ошондой эле бюджеттин эсебинен тармактарды өнүктүрүүгө каражаттар бөлүнүүдө. Мунун баары өлкөнүн өнүгүшүнө багытталганын айта кетүү керек”, - деди экономист.