Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызстандагы саясий туруктуулук экономикалык өнүгүүгө, инвестициялык климатка жана өлкөнүн эл аралык мамилелердеги ордуна оң таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Казакстан президентинин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы эксперти Булат Ауелбаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, болжол менен акыркы беш жылда Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк байкалып, ички дүң продукциянын өсүшү өлкөнүн өнүгүүсүндөгү оң тенденцияны көрсөтүүдө.
“Акыркы жылдары Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүк жигердүү жүрүп жатат. Эгерде өлкөнүн ички дүң продукциясынын жылдар боюнча өсүшүн карай турган болсок, акыркы беш жылдай убакытта туруктуу өсүштү байкоого болот. Так цифраны айта албайм, бирок өсүү темпи кыйла жогору экенин көрүп жатабыз”, — деди ал.
Эксперт белгилегендей, Казакстан тарапты Кыргызстандагы саясий кырдаалдын туруктуулугу да кубандырат. Анын пикиринде, саясий туруктуулук экономикалык өнүгүүгө гана эмес, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна, туруктуулугуна жана эл аралык мамилелеринин өнүгүшүнө да таасирин тийгизет.
“Бул абдан маанилүү фактор. Саясий туруктуулук өлкөнүн инвестициялык климатына, туруктуу өнүгүүсүнө жана эл аралык мамилелерине таасир этет. Биз Кыргызстанды эл аралык аянтчаларда коңшу мамлекеттер менен бир катарда турган, алар үчүн ишенимдүү жана күчтүү өнөктөш болгон өлкө катары көрүп жатабыз”, — деп белгиледи Ауелбаев.
Ал Кыргызстанда акыркы мезгилде бир катар ири эл аралык иш-чаралар өткөрүлгөнүнө да токтолду. Анын ичинде Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммити өткөнүн белгиледи.
“Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезексиз саммити өттү. Бул жумушчу жолугушуу болгонуна карабастан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык жетекчилери жана Азербайжандын өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен кыска убакыттын ичинде чогулуп, маанилүү маселелерди талкуулашты”, — деди эксперт.
Ауелбаевдин айтымында, бүгүнкү Бишкекте өтүп жаткан аналитикалык борборлордун VI форуму да аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Мындай жолугушууларда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жалпы көйгөйлөр, ошондой эле Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин мамилелери талкууланат.
“Борбор Азия өлкөлөрү кезек-кезеги менен аналитикалык түзүмдөрдүн өкүлдөрүн кабыл алып, аймактын жалпы көйгөйлөрүн жана мамлекеттердин Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелерин талкуулашат. Бул абдан маанилүү маселелер, анткени Кытайдын экономикага, маданиятка жана саясатка тийгизген таасири чоң”, — деп белгиледи ал.
Эксперт Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык өнүгүүгө, санариптештирүүгө, технологиялык өсүшкө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталганын айтты.
“Кытай Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстан үчүн экономикалык жана технологиялык өнүгүүгө түрткү берген маанилүү чыгыштагы коңшу болуп саналат. Бул кызматташтык аймактын өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди Ауелбаев.
Анын пикиринде, форумдун алкагында мамилелерди модернизациялоо маселесинин көтөрүлүшү өзгөчө мааниге ээ. Бул багыт санариптештирүүнү гана эмес, физикалык инфраструктураны, анын ичинде транспорттук байланыштарды өнүктүрүүнү жана маданий алакаларды чыңдоону да камтыйт.
“Бүгүнкү күндө мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу маселеси талкууланууда. Бул санариптештирүүнү, транспорттук инфраструктураны жана байланыш тармактарын өнүктүрүүнү, ошондой эле маданий өз ара алакаларды камтыйт. Мындай маселелерди талкуулоо Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын келечектеги багыттарын аныктоого жардам берет”, — деп кошумчалады эксперт.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында “Жогорку сапаттагы өнүгүү жана биргелешкен модернизация” темасына арналган “Кытай – Борбор Азия” аналитикалык борборлорунун VI форуму өтүүдө.