Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Кыргызстанда өткөн Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында кинофестиваль өтүп, анда тасмалар акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун директору Алмаз Түлекеев билдирди.
Анын айтымында, 29-октябрь күнү маданият күндөрүнүн ачылышы менен катар “Манас” кинотеатрында кинофестивалдын ачылышы болот.
“Салтанаттуу бөлүктөн кийин режиссер Никита Высоцкий тарткан “Август” тасмасы көрсөтүлүп, автор менен жолугушуу өтөт.
30-октябрдан 1-ноябрга чейин фестивалдын алкагында башка тасмалар да сунушталат. Алардын баары учурда Россияда тартууланып жаткан белгилүү тасмалар. Тасмалар акысыз көрсөтүлөт. Бирок билеттерди ticket.kg сайтында алдын ала брондоо керек”,-деди ал.