Кыргызстандагы миграциялык тартип: Казакстан жарандарына коюлган талаптар кандай?

Коом Загрузка... 04 Декабрь 2025 14:55
WhatsApp Image 2025-12-04 at 13.27.33.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Миграция бөлүмүнүн башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева Казакстан жарандарынын Кыргызстанда жүрүү тартибине киргизилген өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, мурдагы мыйзамдар боюнча чектеш өлкөлөрдүн жарандарына кирип-чыгууда буга чейин эч кандай чектөө болгон эмес. Эми Кыргызстандын министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Казакстан жарандары өлкөгө кирген күндөн тартып 90 күндөн ашык калууну кааласа, жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек.

"Эгер Казакстандын жараны биринчи жолу келсе, келген максатына карабастан, алгачкы 30 күнгө каттоодон бошотулат. Бирок, андан кийин жашоону улантууну кааласа, катталууга милдеттүү. Каттоодо алардын келген максаты такталып, ошого жараша 90 күнгө катталат. Эгер 90 күндөн ашык калуу пландалса, тиешелүү документтерди алууга тийиш. Тагыраагы, убактылуу жашоого уруксат алышы зарыл. Болбосо, өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Кыргызстанда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн төмөнкү документтердин негизинде узартууга мүмкүн:

  • жайгашкан жери боюнча каттоо;
  • жашоо уруксаты;
  • убактылуу жашоого уруксат;
  • “Кайрылман” макамы;
  • “Мекен-карт”;
  • “Резидент-карт”", – деди Турдубаева.

Ал ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Казакстандын жарандары иштөө максатында келсе, тиешелүү документтерсиз, бирок расмий эмгек келишими менен иштөөгө укуктуу экенин белгиледи.

“Мындай учурда аларга бир жылга чейин жашоого уруксат берилет. Студенттер боюнча айта турган болсок, учурда аларга визасыз кирүүгө мүмкүн болуп жаткандыктан, окууга келгендер окуу жайдын өтүнүч катынын негизинде бир жылга каттоого алынат. Ал эми Кыргызстанда туруктуу жашабастан, күндө келип-кеткен жарандар каттоого алынбайт, анткени каттоо – жашаган жер боюнча гана жүргүзүлөт”,-деди ал.