Кыргызстандагы логистика тармагы: мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана өнүгүү жолдору

Экономика Загрузка... 09 Июль 2025 23:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Транспорт жана логистика тармагынын Кыргызстандын экономикасындагы орду чоң жана ал акыркы жылдары өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланууда. Муну менен бирге эле өлкөнүн Борбор Азиянын так ортосунда, маанилүү жол кесилишинде жайгашканы аны транзиттик түйүн катары өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Айрыкча Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору толугу менен ишке ашса, Кыргызстан Чыгыш менен Батышты туташтырган стратегиялык хабга айлана алат. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгондон кийин логистикада жалпы стандарттарга өтүү процесси уланууда. Ошондой эле Кыргызстандын Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында логистикалык борборлорду көбөйтүүнү жана тармактык инфраструктураны жаңыртууну максат кылууда.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 15.31.17.jpeg

Бул тармак акырындап өнүгүп жатканы менен, потенциалы толук колдонулбай келет жана кошумча чараларды талап кылууда. Анткени өлкөнүн жүк ташуу, соода-сатык, импорт-экспорт, азык-түлүк жана товарлардын кыймылы дал ушул тармак аркылуу жүзөгө ашат.

Кыргыз Республикасынын Транс чек ара электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсель Салахунов “Кабар” агенттигине бул тармактын стратегиялык мааниси, анда жасалып жаткан алгылыктуу иштер, кемчиликтер тууралуу айтып берип жатып, төмөндөгүлөргө токтолду:

WhatsApp Image 2025-07-09 at 15.28.43.jpeg

“Кыргызстандын географиялык жайгашуусу өлкөгө Кытай менен ЕАЭБдин ортосундагы транзиттик көпүрө болууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен катар интернет соода, чек ара аркылуу товар ташуу жылдан-жылга өсүүдө. Мисалы, 2024-жылы эле кыргызстандыктар Wildberries платформасы аркылуу Россияга 10 миллиард сомдон ашык товар экспорттогон. Мындан тышкары башка B2B жана B2C маркетплейстери кызматта. Кытай, Россия, Түркия жана Европа менен соода-сатык күч алууда. Министрликтин маалыматына ылайык, логистика ички дүң өнүмдүн 7–8% түздү. Бул тармакка мамлекеттик жана инвестициялык колдоо жогорулай турган болсо, бул көрсөткүч дагы да жогорулашы мүмкүн”, - деди.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 15.31.33.jpeg

Салахунов ошондой эле, аталган тармактын Борбор Азиядагы потенциалын баса белгилеп жатып, Кыргызстан стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу аймакта жайгашканын, ШКУ, ЕАЭБ, КМШ жана башка уюумдарга мүчө болушу - соода-сатык жүргүзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берерин белгиледи. “Бир алкак — бир жол” долбоору аркылуу жаңы транспорт коридорлорун ачуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул потенциал толук пайдаланылбай жатат. Аны ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу, санариптештирүү, мультимодалдуу борборлорду түзүү керек”, -деп кошумчалады.

Ал ошондой эле бул тармактын артыкчылыктуу жактары менен катар аксап жаткан жактарына да токтоло кетти. “Бүгүнкү күндө логистика тармагында системалуу көйгөйлөр да жок эмес жана айрыкча чек ара аймактарында, тоолуу райондордо жолдор оңдоону талап кылат. Деңизге түз чыга албаганыбыздан улам өлкөбүз Казакстан, Өзбекстан сыяктуу транзиттик мамлекеттерге көз каранды. Көп түрдүү транспортту айкалыштыруу өнүкпөгөндүктөн, автоунаа, темир жол жана авиация байланышы жетишсиз. Чек аралардагы сааттап кезек күтүүлөр, бюрократия жана өткөрмө пункттарындагы инфратүзүмдүн начардыгы. Айрым жерлерде коррупциялык иштер дагы тоскоол болууда. Кампалардын көбү заманбап талаптарга жооп бербейт”, - деп белгиледи ал.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 15.31.42.jpeg

Андан сырткары, бул тармактагы кадр даярдоо маселеси тууралуу “Айдоочулар менен логистика адистерин даярдоо системасы эскирген, окуу борборлору жетишсиз, заманбап технологиялар менен тил билими аксайт.

Айыл чарба логистикасындагы мүчүлүштүктөр – муздаткычтар, таңгактоо, сорттоо жетишсиз. Продукция экспортко чыкканда бузулуп калат. Бул тармакка мамлекеттин колдоосу керек”, — деди.

Муну менен катар эле бул тармакта өнүгүүлөр дагы болуп жаткандыгын кошумчалап жатып, “Жеке сектор активдешип, ишкерлер, өндүрүүчүлөр, интернет-дүкөндөр көбөйүүдө. Учурда 30 миңден ашуун сатуучу бар. Ат-Башыда, Чүйдө, түштүк региондордо жаңы логистикалык компаниялар пайда болууда. Мамлекет да колдоо көрсөтүп, жолдорду оңдоо, эркин экономикалык зоналарды түзүү, логистиканы санариптештирүү багытында иштер жүргүзүлүүдө”, - деди.

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу долбооруна Тажикстан дагы кызыгууда. Кыргыз почтасы – Чүй облусунда, Кытайда жана Европада бонд зона жана фулфилмент борборлорун ачууда. Нарын облусунда “Кургак порт” жана башка логистикалык хабдар түзүлүүдө. "Торугарт", "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункттары — санариптик жана алдын ала электрондук декларация системасына өтүп жатат.

Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүрүүдө. Бишкек – Ош жолу оңдолууда. Жалал-Абад – Балыкчы жолу жакында ачылат. Эл аралык донорлор жардам берүүдө. Салмак көзөмөл пункттары коюлуп, транспорт агымы көзөмөлдөнөт. Аймактык жолдор (чек аралар, базарлар) да оңдолууда.

Ал эми логистикалык борборлордун шарттары жөнүндө айта турган болсок, Бишкек, Ошто жеке ишкерлер заманбап логистикалык борборлорду куруп жатышат. Ат-Башы ЭЭАда бонд зона ачылды. Бирок айыл чарба продукциясы үчүн агро логистикалык борборлордун жетишсиздиги -экспортко терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, - деди ал.