Кыргызстанда куруучулардын маянасы Россиянын деңгээлине жетти – министр

Коом Загрузка... 04 Ноябрь 2025 17:10
курулуш 6.webp

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Кыргызстандагы куруучулар Россиядагыдай эле айлык алып жатышат. Бул тууралуу бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн курулуш тармагында бүгүнкү күндө жумушчу күчү жетиштүү. Атайын жүргүзүлгөн саясаттын негизинде башка өлкөлөрдөн да жумушчулар тартылып жатат. Кытай, Индия жана Бангладештен келген жумушчулар көп.

“Айлык маянага келсек, азыркы тапта курулуш тармагындагы айлык Россия сыяктуу өлкөлөрдөгү деңгээлге жетти. Алсак, Россия Федерациясынан кайтып келген биздин жумушчулар, ошол Россиядан алган айлык маяналарын эле биздин өлкөдө алып жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Мигрант өз мекенинде, үй-бүлөсүнүн жанында иштеп, эч кандай коопсуздук коркунучуна кабылбайт. Мындан тышкары, жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча атайын тартиптер жана мыйзамдар иштелип чыгып, алардын укуктары мыйзамдуу түрдө корголууда”,-деп белгиледи министр.

Орунтаев белгилегендей, Кыргызстан буга чейин жумушчу экспорттогон өлкө болсо, азыр жумушчу күчүн импорттогон мамлекетке айланды.

“Өлкөдө жүрүп жаткан өнүгүүнүн натыйжасында, чет жакта иштеп жүргөн мигранттарыбыз мекенине кайтып келишип, курулуш тармагына активдүү тартылууда”,-дейт ал.