Кыргызстандагы күйүүчү май маселеси. Өкмөт “Б планын” даярдап жатат

Экономика Загрузка... 14 Октябрь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Соңку аптада Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын туруктуулугуна жана күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу кооптонуулар күчөдү. Кооптоонун негизги фактору болуп Россиядан келген жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн кыскарышы болууда. Буга россиялык мунай иштетүүчү заводдорго дрондордун чабуулдары себеп болгон. Дрондор заводдордун ишин үзгүлтүккө учуратып, келишим боюнча жеткирүүлөргө таасирин тийгизди.

Эл аралык биржаларда күйүүчү майдын кымбатташы кошумча кысым көрсөтүүдө. Күйүүчү-майлоочу майлар биржада сатылуучу товарлар болгондуктан, рыноктун олку-солкулары сатып алуу бааларына жана чекене бааларга түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыргызстанда ички салыктар жана акциздер көбөйбөгөнү менен күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк тенденцияга ылайык өсүүдө.

WhatsApp Image 2025-10-14 at 16.52.54 (2).jpeg

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, министрлер кабинетинин төрөгасы Адылбек Касымалиев, Энергетика министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматтынын өкүлдөрү жана нефтетрейдерлердин катышуусунда чукул жыйын өткөргөн. Анда өкмөт ички рынокту турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыккан. Анын ичинде Россиядан ташып келүү толук токтотулган учурда “Б планы”, ошондой эле нефтетрейдерлер тарабынан бааны негизсиз көтөргөн учурда мамлекеттик баа көзөмөлүн киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү маселелери талкууланган.

WhatsApp Image 2025-10-14 at 16.52.54 (3).jpeg

Россиядан жеткирүүлөрдөгү көйгөйлөр

Россиянын аймагындагы дрондордун чабуулдарынын фонунда кээ бир мунай кайра иштетүүчү заводдордун иши бузулду. Бул мунай жеткирүүнүн көлөмүнө таасирин тийгизе баштаган. Мисалы, келишим боюнча пландалган 30 миң тоннанын ордуна болгону, 15 миң тонна гана жүктөлүшү мүмкүн. Келишимге ылайык, Россия жыл сайын Кыргызстанга 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель жеткирет.

Б планы: альтернативдүү жеткирүүчүлөр

Россия жетиштүү көлөмдө импорттой албаган учурда, өкмөт альтернативдүү жолдорду колдонот. Алсак, Кытай, Азербайжан, Иран жана Түркмөнстан резервдик камсыздоочу катары каралат. Ошондой эле, дефицит болбошу үчүн, ушул өлкөлөрдөн мунай продуктуларын жеткирүү үчүн логистикалык маршруттар иштелип чыгат.

Ички өндүрүш

Кыргызстандын өзүндө күйүүчү-майлоочу майларды өндүрүү чектелүү. Негизги күйүүчү-майлоочу майлар “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү заводу жана Жалал-Абаддагы “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасында топтолгон. Бирок, алар ички суроо-талаптын 5%га жакынын гана жаба алат. Муну менен катар бул заводдордон чыгарылган продукциялар сапатсыз болуп, биринчи кезекте экспортко чыгарылат.

Баалар жана жөнгө салуу

Күйүүчү майдын кымбатташы нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баанын көтөрүлүшү менен түшүндүрүлүүдө. Күйүүчү-майлоочу майлар сатылуучу товар болуп саналат жана алардын баасы дүйнөлүк рынокко жараша болот. Кыргызстанда салык, акциз, КНС сыяктуу ички факторлор өзгөргөн жок.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, Казакстанда бензин арзан, анткени алар күйүүчү-майлоочу майларды бюджеттен субсидиялашат жана өздөрүнүн өндүрүшү бар. Бирок, экспортко алар жогорулатылган баада сатышат.

WhatsApp Image 2025-10-14 at 16.52.54 (5).jpeg

Ошондуктан алардан сатып алуу Кыргызстан үчүн пайдасыз. Кыргызстанга караганда Өзбекстан менен Тажикстанда күйүүчү май кымбат. Нефтетрейдерлер бааны негизсиз көтөрсө, өкмөт АИ-92 жана дизель майына бааларды мамлекеттик жөнгө салууга даяр, анткени күйүүчү-майлоочу майлар социалдык маанидегилердин тизмесине киргизилген. Күнүмдүк жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде нефтетрейдерлер менен минималдуу маржа менен иштөө боюнча келишим түзүлдү.

Алсак, бүгүнкү күндө май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин чекене баасы 72-74 сом, АИ-95 80 сом, дизелдик май 80-82 сомдон сатылууда.

Дүң баада сатууга болгон чектөөлөр

Күйүүчү-майлоочу майларды дүң баада сатуу убактылуу токтотулду. Калкка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн күйүүчү май сатуу чекене баада гана сатылат.