Кыргызстандагы электромобилдер: статистика, импорт жана инфраструктура

Коом 23 сентябрь 2026 13:05
Кыргызстандагы электромобилдер: статистика, импорт жана инфраструктура
Кабар

Электромобилдер акырындык менен Кыргызстандын транспорт системасынын маанилүү бөлүгүнө айланып баратат, бирок бул кызыгуунун өсүшү бир катар суроолорду жаратат: тургундар бул унааларга канчалык активдүү өтүп жатат, электр унаалары кайдан келүүдө, аларды сатып алуу үчүн кандай шарттар бар жана аларды колдонуу чындыгында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтууга жардам береби? "Кабар" агенттиги Кыргызстандагы электромобилдердин өнүгүшүн жана бул процесстин келечегин изилдеди.

Кыргызстанда канча электромобиль катталган?

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон "Кабар" агенттигине 2020-жылдан 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгилде жаңы катталган электромобилдеринин саны тууралуу маалымдашты.

2026-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстанда катталган электромобилдердин саны:

  • Баткен облусу – 1080;
  • Бишкек – 13 868;
  • Ош – 2472;
  • Ош облусу – 2680;
  • Жалал-Абад облусу — 2382;
  • Талас облусу — 1006;
  • Чүй облусу — 4362;
  • Ысык-Көл облусу — 1398;
  • Нарын облусу — 973.

Ошондой эле аталган борбордон белгилешкендей, 2017-жылдын 1-июлунан тартып "Транспорт каражаттарынын реестри" электрондук маалымат базасына күйүүчү майынын түрү көрсөтүлгөн унаалар киргизиле баштаган.

Кыргызстанга электромобилдер кайсы өлкөлөрдөн импорттолот?

“Кабар” агенттигине Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашкандай, Кыргызстанга импорттолгон электромобилдердин көпчүлүгү Кытайдан келет — болжол менен 98,5%. Түштүк Кореяга болжол менен 1% туура келет. Калган өлкөлөрдөн келген унаалар болжол менен 0,5%ды түзөт. Кытай электромобилдерди импорттоогон негизги өлкө болуп саналат.

Электромобилдерди ташып келүүдө кандай жеңилдиктер берилет?

Бажы биримдигинин комиссиясынын 2009-жылдагы чечимине ылайык, ЕАЭБ алкагында 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддору боюнча классификацияланган жана Кыргызстанга 25 миң даана санда импорттолгон электр кыймылдаткычтары бар унаалар бажы алымынан бошотулат.

Квота түгөнгөндөн кийин, ставка ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык бажы наркынын 15%ын түзөт.

"Бул электромобилдерди коомчулук үчүн жеткиликтүү кылат жана автопаркты экологиялык жактан таза унаалар менен жаңыртууга көмөктөшөт", - деп баса белгилешти мекемеден.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Кабар" агенттигине электрлмобилдерди өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү колдой турганын, аны Бишкектеги абанын сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экологиялык туруктуулугун жогорулатууга салым кошкон мамлекеттик экологиялык саясаттын келечектүү багыты катары карай турганын билдирди.

"Электромобилдерди кеңири колдонуу борбор калаадагы абанын булганышынын олуттуу булагы болгон унаалардан чыккан булгоочу заттардын чыгарылышын акырындык менен азайтуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссия электромобилдерди өнүктүрүү, транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана аны кеңири колдонуу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерин чечүүдө. Заряддоочу инфраструктура тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленет.

Электромобилдердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири

Электромобилдерге өтүү зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтып, адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды төмөндөтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эколог Анара Султангазиева билдирди.

Эколог 2022- 2024-жылдары автобустардан жана жүк ташуучу унаалардан тартып жеңил унааларга чейин 250 унаанын түтүнүнө изилдөө жүргүзгөн.

“Электромобилдерди өлчөөнүн кажети жок болчу, анткени ал түтүн чыгарбайт, демек, зыяндуу заттар бөлүнбөйт”, - деди Султангазиева.

Ал белгилегендей, бензин же дизелдик отун менен жүргөн ар бир унаа атмосферага болжол менен 200дөй ар кандай химиялык заттарды бөлүп чыгарат. Алардын ичинен ону эң кооптуу.

Экологдун пикиринде, зыяндуу заттардын көлөмү унаанын абалына, катализатордун болушуна жана бензиндин сапатына жараша болот.

“Биз K2 азыр K5тен айырмаланып, өтө кир күйүүчү май деп эсептелерин аныктадык. Көрсө, бир литр K2 бензини атмосферага болжол менен 50 мг зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат экен. K5 болгону 10 мг бөлүп чыгарат, бул беш эсе аз”, - деди ал.

Анын айтымында, Кытайдан электр унааларын сатып алууда өндүрүүчүлөр аларды жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин аны заводдон кайра иштетүүгө милдеттүү.

Кыргызстанда канча кубаттоо станциясы бар?

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-августуна карата өлкөдө 402 электр кубаттоо станциясы катталган.

Ушул жылдын аягына чейин кошумча 150 кубаттоо станциясын куруу пландалууда, бул жеткиликтүү кубаттоо пункттарынын жайгашуусун кеңейтип, өлкөдө электр транспортун өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзөт.

Компаниянын эсептөөлөрүнө ылайык, электр кубаттоо станцияларынын жылдык электр энергиясын керектөөсү болжол менен 64 млн кВт/саатты же өлкөнүн жалпы электр энергиясын керектөөсүнүн болжол менен 0,33%ын түзөт.

Ошондуктан болжолдонгон керектөө деңгээлин эске алганда, электр кубаттоо станцияларынын өлкөнүн электр тармагына олуттуу деле таасири күтүлбөйт.

“Ошол эле учурда, электр унааларынын жана кубаттоо инфраструктурасынын санынын тынымсыз өсүшү электр тармактарында пландаштырылган өнүктүрүүнү жана жаңы жүктөмдөрдү эске алууну талап кылат. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы электр тармагынын инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону пландаштырууда ушул факторлорду эске алат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан үчүн электромобилдерге өтүү мындан ары алыскы келечек эмес, бара-бара күч алып жаткан процесс. Өлкөдө мындай транспорттун саны өскөн сайын, аларды андан ары колдонуу үчүн шарттар түзүлүүдө: кубаттоочу станциялардын тармагы иштелип чыгууда, электр тармагына түшкөн жүктөм эске алынууда. Бул чаралар өз кезегинде зыяндуу заттарды азайтууга жана абанын сапатын жакшыртууга салым кошо алат.