Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Кыргызстандагы мектептерге психологдор үчүн штаттык бирдиктер киргизиле баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов "Кабар" агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, мектеп психологдору окуучулардын ортосундагы ар кандай түшүнбөстүктөрдүн жана чыр-чатактардын алдын алууга, ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтууга көмөк көрсөтөт.
“Психолог мектептерде тарбиялык иш-аракеттерди жүргүзүп, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту азайтат деген ишенимдебиз. Мектептерде мугалим менен окуучунун, окуучу менен окуучунун, ата-эне менен мугалимдин ортосунда ар кандай түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Психологдор ошол маселелерди чечүүгө жардам берет”,- деди ал.
Музулманов белгилегендей, өлкөдө психолог адистер, айрыкча балдар менен иштей турган психологдор жетишсиз.
“Учурда мектептерге тиешелүү психолог деген диплому бар адистерди кабыл алуу боюнча тапшырма берилди. Мектептеги психологдун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша белгиленери маалымдалды. Мында окуучусу аз мектептерде 0,25 ставка, андан кийин 0,5 жана 1 ставка каралат”,–деди адис.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 230дун тегерегиндеги мектепте 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алат.