Кыргызстанда жылына 6 миңге чейин онкологиялык оорулардын жаңы учуру катталат - Нурбек Букуев

Ден соолук Загрузка... 11 Сентябрь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда жылына 5,5 миңден 6 миңге чейин онкологиялык оорунун жаңы учуру катталат. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Нурбек Букуев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындагы өкүнүчтүү жагдай аныкталган онкологиялык оорулар көбүнчө 3-4-стадияда болуп, дарылоо эрте аныкталган ооруга караганда оор болот.

“Статистикага таянсак, Кыргызстанда жалпы 35 миңден ашык онкологиялык оору катталган. Бул көбүнчө оору өрчүп кеткенде кайрылган бейтаптар. Мында жардам бергенге кыйын, биздин көп бейтаптар бир жылдын ичинде эле кайтыш болуп кетишүүдө. Ошондуктан учурда алдыга койгон максаттарыбыздын бири ооруларды эрте аныктоо. Анткени, 1-2-стадияда оору жакшы дарыланганына байланыштуу ушул стадияда аныктасак, бейтаптарыбыздын өмүрүн сактап калганга жетишебиз. Жарандарыбызды сөзсүз түрдө мүмкүнчүлүк таап, оорунун белгилери жок болсо да текшерүүдөн өтүп турууга үгүттөйм”,- дейт Букуев.

Белгилей кетсек, онкологиялык оорулардын ичинен эң көп катталган биринчи орунда ашказандын рак илдети, экинчи аялдар арасында эмчек безинин рагы тураарын дарыгер маалымдады.

“Жалпы статистиканы эске алганда ашказандын рак илдети алдыңкы орунда турат. Ал эми экинчи орунда эмчек безинин залалдуу шишиктери. Аял кишилердин арасында эмчек безинин рагы алдыңкы орунда. Биз өзгөчө аял кишилерге айтаарыбыз дарыгерге эртерээк кайрылып, текшерүүдөн өтүп туруңуздар. Биздин негизги максаттарыбыздын бири да скрининг программалары аркылуу массалык түрдө текшерүүлөрдү өткөрүү. Ошол текшерүүлөрдү өткөрүп жатканда илдетке алып келүүчү белгилерди аныктап, эрте дарыласак ооругандардын санын бир топ кыскартабыз деген ойдобуз. Бүгүнкү өтүп жаткан конференциянын алкагындагы тажрыйба алмашуу, адистердин билимин колдонуу биздин Онкология борборубуздун деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө болот”,- деди Улуттук онкология жана гематология борборунун директору.

Эскерте кетсек, бүгүн Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Илимий иш-чарага коңшу жана алыскы өлкөлөрдөн алдыңкы онколог дарыгерлер келишип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.