Кыргызстанда жылына 20 тоннадан ашык алтын өндүрүлөт

Экономика Загрузка... 20 Октябрь 2025 19:09
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Кыргызстанда бир жылда 20 тоннадан ашык алтын казылып алынат, деп билдирди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Калилов.

Анын айтымында, алтын өлкөнүн тоо-кен тармагынын негизги локомотиви болуп саналат.

Кыргызстанда 14 тоо-кен ишканасы тогуз негизги алтын кенин иштетет – алар: Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Жерүй, Тереккан, Иштамберди, Жамгыр, Караказык жана Талды-Булак Сол жээк.

Чачыранды алтындарды казып алуу төмөнкү кендерде жүргүзүлөт: Жалал-Абад облусундагы Сүлү-Тегерек, Каратөбө Бузук, Баймак, Иштамберди, Чанач; Нарын облусундагы Күмбөлсу жана Кынды; Чүй облусундагы Токойлуу жана Карабулак.