Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 5,5 пайызды түздү

Экономика Загрузка... 15 Октябрь 2025 11:15
11.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, республика боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айларында:

  • тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,4 пайызга жогорулады;
  • алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 5,1 пайызга өстү;
  • тзык-түлүк эмес товарларга баа 3,3 пайызга жогорулады;
  • калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 6,3 пайызга өстү.

"Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык аймактарында байкалды", — деп белгиледи Керималиева.

Баалардын эң жогорку өсүшү — 7,5 пайыз — Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын 10,9 пайызга кымбатташына байланыштуу болду.

Ошондой эле тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң көп өсүшү Чүй облусунда (9,5%), азык-түлүк эмес товарларга Ысык-Көл облусунда (4,8%), ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы Талас облусунда (9,3%) байкалды.