Кыргызстанда жыл башынан бери 600 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Экономика 30 август 2025 23:17
Dcz2xeH9eNe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_NoblSZt.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
Dcz2xeH9eNe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_NoblSZt.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын жети айында республика боюнча жалпысынан 22 млрд сомго жол иштери аткарылды. Бул тууралуу Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абадда өткөн майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 600 кмден ашык жолго асфальт төшөлдү.

«Жылдын аягына чейин 1000 кмден ашык жолго асфальт төшөөнү пландап жатабыз. Азыркы учурда иштердин 60%дан ашыгы аткарылды жана жыл аягына чейин план толук ишке ашырылат», - деп белгиледи министр.