Талас шаарында Кыргызстанда жок уникалдуу аллея ачылат

Аймак Загрузка... 28 Октябрь 2025 17:44
5a49914817f1c129b05a60c23019fd63f6bb88c907fd5b67f73b6b83e06e8950-850x518.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Талас шаарында узундугу 1 чакырым 200 метр, туурасы 35 - 70 метрге чейин болгон өзгөчө аллея ачылат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул көчө жөө жүргүнчүлөр үчүн аллея болуп, унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.

“Аллея шаардагы эң кооз аймактардын бири болуп, туристтерге, шаар конокторуна жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Чет өлкөлөрдөгү “Бродвей”, “Арбат” сыяктуу бардык шарттары менен шаардын ортосундагы экономикалык борбор болот. Мында жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы экспонаттар орун алат. Мисалы, эс алуучулар сүрөткө түшө турган 4 метрлик “кызыл алма” болот”,- дейт ал.

Ошондой эле аллеяда дүкөн, китепкана, эс алуучу жайлар , спорттук аянтчалары, фонтан жана башка эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар болору кошумчаланды.